• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Балдар үйлөрүн реформалоо боюнча эксперттик жумушчу топтун кезектеги жыйыны өткөрүлдү

Президент 0

Бишкек, 12.09.18. /Кабар/. Кырыз Республикасынын Президентинин Аппарат Жетекчиси — эксперттик жумушчу топтун төрагасы Досалы Эсеналиевдин төрагалыгы алдында балдар үйлөрүн жана интернат тибиндеги мекемелер системасын реформалоо боюнча эксперттик жумушчу топтун кезектеги жыйыны өткөрүлдү. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмүнөн билдиришти.

Жыйында эл аралык эксперттер жана «Молдовада ар бир балага өнөктөштүк» уюмунун өкүлдөрү Анна Палий менен Светлана Рыжикова «Интернат тибиндеги балдар мекемелерин реформалоо боюнча Молдова Республикасынын тажрыйбасынын» бет ачарын өткөрүштү.

Бет ачарда Молдова Республикасында 1997-2017-жылдары интернат тибиндеги балдар мекемелерин этап-этап менен реформалоо системасы тууралуу айтып беришти. Ошону менен бирге эл аралык эксперттер балдар үйлөрүн жана интернат тибиндеги мекемелер системасын реформалоодо эң башкы милдет — баланы тарбиялоо жана тарбия берүүдө үй-бүлө абдан маанилүү жагдай экендигин белгилешти.

Бет ачардын жүрүшүндө талаш-тартыштар болуп, суроолор берилди, аларга тиешелүү жоопторду жана түшүндүрмөлөрдү алышты.

Андан соң эксперттик жумушчу топтун төрагасынын орун басары Назгүл Турдубекова балдар үйлөрүн жана интернат тибиндеги мекемелер системасын реформалоо боюнча иш чаралардын планы кандай аткарылып жаткандыгы тууралуу маалымат берди.

Талкуунун жүрүшүндө жумушчу топтун мүчөлөрү өлкөнүн балдар интернаттарын оптималдаштыруу боюнча кошумча сунуштарын айтып, пикирлерин билдиришти.

Жумушчу топтун жыйынынын жыйынтыгында Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын Жетекчиси Досалы Эсеналиев маалымат берген молдовалык кесиптештерге ыраазычылык билдирип, учурда айрым интернаттарда оптималдаштыруу процесси жүрүп жаткандыктан, Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министрлиги интернат тибиндеги мекемелердин жамааттарына жана ата-энелерге түшүндүрүү иштерин жүргүзүүгө көңүл буруусу керектигине токтолду. Ошону менен катар баланын үй-бүлөгө кайтуусу персоналдуу турдө көзөмөлгө алынышы керектигин белгиледи.

Жумушчу топко интернат тибиндеги балдар үйлөрүн реформалоо боюнча сунуштарды толуктап иштеп чыгуу жана белгиленген мөөнөттө кароого киргизүү сунушталды.

Эскерте кетсек, Президент Сооронбай Жээнбековдун 2018-жылдын 19-июлундагы өлкөнүн жарандык коомунун өкүлдөрү менен жолугушуусу учурунда «Баланын укуктарын коргоочулар Лигасы» ачык коомунун жетекчиси Назгүл Турдубекова үй-бүлөлөрдү колдоо жана балдарды коргоо маселелерин көтөргөн.

27-июлда Мамлекет башчысы балдар үйлөрү системасын реформалоо маселелерин талкуулоо үчүн «Баланын укуктарын коргоочулар Лигасы» коомдук уюмунун директору Назгүл Турдубекованы кабыл алган. Жолугушуунун жыйынтыгында Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын алдында балдар үйлөрүн жана интернат тибиндеги мекемелерди реформалоо боюнча эксперттик жумушчу топту түзүү чечими кабыл алынган.

Пикир

Оставить комментарий