• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Балыкчы шаарынын жашоочуларынын 84%ы санариптик берүүгө кошулган

Маданият 0

Бишкек, 27-апрель /Кабар/. 24-апрелге карата Балыкчы шаарынын 12 608 үй чарбасынын 10 531и санариптик берүүгө кошулган. Тактап айтканда, чарбалардын 84%ы санариптик телеберүү менен камтылган. Мындай маалыматтар КРнын маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары Айнура Темирбекованын жергиликтүү тургундардын активи жана шаар бийлиги менен жолугушуусунда айтылды.

Министрликтин басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, жолугушуулардын башкы максаты өлкө телеканалдарынын санариптик берүүгө өтүү зарылдыгын түшүндүрүү жана ага кантип кошулуу керектигин айтып берүү болуп саналат. Ошону менен бирге сыналгыга ресиверди кошуу иш жүзүндө көрсөтүп берилди.

Шаардык активге телеканалдардын социалдык пакетин «Евталсат 70» спутниги аркылуу тиешелүү жабдууну түз кошуу менен көрүүгө болорун айты беришти.

Жолугушуунун жыйынтыгы боюнча, министрдин орун басары райондун активине жашоочулар арасында түшүндүрүү иштерин активдүү жүргүзүү өтүнүчү менен кайрылды.

Пикир

Оставить комментарий