• 88.68
  • 95
  • 0.95

Молдо Кылычтын 150 жылдыгына карата китеп жарык көрдү

Маданият 0

Бишкек, 16.11.17 /Кабар/. КР Президентинин Аппаратынын тапшырмасы менен кыргыз жазма поэзиясынын жаратуучулардын башатында тургандардын бири Молдо Кылыч Шамыкан уулунун казалдарын топтоп, ал тууралуу изилдөөлөр, макалаларды жыйнап, КР Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын каржылоосу менен“Молдо Кылыч” аталышында китеп жарык көрдү. Бул тууралуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиясынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, китептин казалдар бөлүмүн Омор Сооронов түзсө, жыйнакты топтоо жана редакциялоо ишин Мелис Абакиров колго алган. Аталган китеп Молдо Кылычтын туулган күнүнүн 150 жылдыгына жана дүйнөдөн кайткандыгынын 100 жылдыгына карата чыгарылып, бет ачарына арналган илимий-тажрыйбалык конференция бүгүн 16-ноябрда Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссияжана Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети тарабынан өткөрүлдү. Иш-чаранын меймандарына Молдо Кылычтын китептери таратылды.

“Молдо Кылыч - улуу акын, даанышман ойчул” аттуу илимий иш-чарага КР Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин, “Кочкор” коомунун өкүлдөрү, акын-жазуучулар, илимдин өкүлдөрү, улуу акындын урпактары ж.б. катышты.

Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Н.Ишекеев иш-чаранын ачылышында куттуктоо сөзүн сүйлөп жатып, китептин чыгуусуна салым кошкон инсандарга ыраазычылык билдирди.

Ошондой эле, иш-чаранын жүрүшүндө академик, мамлекеттик жана коомдук ишмер А.Эркебаев, коомдук ишмер А.Кулматов, Кыргыз улуттук жазуучулар союзунун төрагасы А.Рыскулов, КР эл жазуучусу М.Абакиров, тарыхчы К.Молдокасымов сөз сүйлөп, адабиятчы-илимпоз О.Сооронов “Эмне үчүн Молдо Кылыч бирде акталып, бирде караланып келген?” аттуу баяндама жасады.

Пикир

Оставить комментарий