• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

2018-2026-жылдары 46 ири ирригациялык объектини куруу пландалууда - Атамбаев

Президент 0

Бишкек, 16.11.17. /Мехриниса Сулайманова – Кабар/. 2018-2026-жылдары 46 ири ирригациялык объектини куруу пландалууда. Бул тууралуу мамлекеттик сыйлыктарды тапшыруу аземинде өлкө президенти Алмазбек Атамбаев билдирди.

Мамлекет башчы бүгүн сыйлык алгандардын көбү агрардык тармактан экенин белгиледи.

“Шайлоо учурунда көптөгөн талапкерлер мени алты жылда эч нерсе кылган жок деп жатышты. Бул жакка келээрде мен 2009-дылга чейин агрардык тармакка канча насыя, кандай пайыз менен берилгени тууралуу маалыматтарды сурадым. 2009-жылга карата айыл чарбасына өлкөнүн бардык банктары тарабынан жалпы 2,5 млрд сомго насыя берилген. Ал кезде орточо коюм жылына 26,8%ды түзгөн. 2017-жылды салыштыргыла. Быйыл дыйкандарга 6 млрд сом насыя берилип, пайызы 6дан 10%га чейин болду”, -деп билдирди Атамбаев.

Кыргызстандын президенти кечээ Бишкекте 2040-жылга чейин өлкөнү туруктуу өнүктүрүү улуттук стратегиясы талкууланганын, анда ирригация долбоору бар экенин айтты.

Анын айтымында, Коопсуздук кеңеши тарабынан ирригация курулушуна 1 млрд долларга чейин бөлүнгөн.

“2018-2026-жылдары 46 ири ирригациялык объектини куруу пландалууда. Мен бул тууралуу айткан себебим, шайлоо учурунда мен аймактарды кыдырганмын, азыр да барып жүрөм. Көптөр унутуп калышкан чыгаар, бирок менин эсимде, өлкөнүн ошондогу абалы. Мен Военно-Антоновкада жаңы конушка баргам. 6 жыл мурда жаңы конушка барганда, жол таштак болчу, ылай болчу. Азыр андай эмес”, - деп кошумчалады ал.

“Атамбаев эч нерсе кылган жок деп айтып жаткандар, жөн гана көрөалбастар. Бул тууралуу Куранда жазылган. Анда жолду көрүүнү каалабагандарга, аны көрсөтө албайсың деп айтылат. Бул адамдар Кыргызстандын жолун көрүүнү каалашпайт. Алты жылдын үч жылында гана мага иштөөгө мүмкүнчүлүк беришти. Эсимде, же башында жолдорду тосуп, же административдик имараттарды басып алып жатышты. Кызык жылдар өттү, 6 жыл 26 жылдай болду”, - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий