• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкекте Чыңгыз Айтматовдун элеси түшүрүлгөн стеланын ачылышы болду

Маданият 0

Бишкек, 19.04.19. /Кабар/. Бишкекте россиялык скульптор Иван Дубровин белек кылган, кыргыздын атактуу жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун элеси түшүрүлгөн стеланын ачылышы болуп өттү.

Ал, Ч. Айтматов атындагы драма театрынын алдында орнотулган.

"Долбоор бир жыл мурун жаралган. Анда кесипкөй адамдардын командасы иштеп, аны бизге, кыргызстандыктарга белекке беришти. Башкы скульптор Иван Дубровин стеланы кыргыз элине берүүгө кубануу менен макул болду", - деди ал.

Белгилей кетсек, алгач бул стела Татарстанда орнотулмак. Бирок Ассоль Молдокматованын айтымы менен ал Бишкекте коюлду.

Стела Екатеринбургдагы "Иван Дубровин" цехинде колодон жасалган.

Белгилей кетсек, 2018-жылы аталган цехте жазуучунун "Кош, Гүлсарат" повести боюнча скульптура жасалып, Кыргызстанга белекке берилген. Ал Чолпон-Ата шаарындагы ат майданынын алдында орнотулган.

Пикир

Оставить комментарий