• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Башка паспорт менен чек араны өтүүгө аракет кылган кыргыз жараны кармалды

Коом 0

Бишкек, 22.09.17. /Кабар/. 21-сентябрда “Акжол-унаа жолу” көзөмөл өткөрүү пунктунда кыргыз-казак чек арасын башка бирөөнүн паспорту менен өтүүгө аракет кылган кыргыз жараны кармалган. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынын коомчулук менен байланыш бөлүмүнөн кабарлашты.

Маалыматка ылайык, Кыргызстандын А.И., аттуу жараны башка кыргыз жаранынын паспорту менен чыгып кетүүгө аракет кылган. Кармалган жарандын айтымына караганда, ал өзүнүн паспортун жоготуп алып, чек арадан өтүү үчүн досунун паспортун (ID-card) пайдаланган. Ал Казакстанга жумуш издөө максатында бара жаткан.

Бардык тийиштүү документтер чогултулуп, кармалган жаран ИИМдин аймактык кызматкерлерине өткөрүлүп берилген.

Пикир

Оставить комментарий