• 88.68
  • 95
  • 0.95

Ош шаарында мамлекеттик тил мыйзамынын сакталышына көзөмөл күчөтүлөт

Коом 0

Бишкек, 28.07.23. /Кабар/. Ош шаарынын мэриясында КР "Мамлекеттик тил жөнүндө" мыйзамынын талаптарын аткаруу, Ош шаардык прокуратурасынын сунуштамасын талкуулоо, жеке менчик мекемелердин, уюмдардын аталыштарын, көрнөк-жарнактардын жана кулактандыруулардын мыйзамдык ченемдерин иретке келтирүү боюнча жыйын өттү.

Мэриядан билдиришкендей, жыйын Ош шаарынын мэринин орун басары Нурбек Кадыровдун жетекчилиги астында өтүп, ага Ош шаарынын мэриясынын аппаратынын кызматкерлери, Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгынын адистери, тиешелүү мекеме-ишканалардын өкүлдөрү, муниципалдык аймактык башкармалыктардын жетекчилери катышты.

Жыйындын жүрүшүндө мамлекеттик тил жаатындагы мыйзамдык ченемдерин сактоо аркылуу, тез арада мыйзам бузууларды жоюу жана четтетүү, бул багытта аткарылган иштердин натыйжалуулугун жогорулатуу зарылчылыгы белгиленди.

Ошондой эле, жыйындын күн тартибине кирген бир катар маселелер талкууланып, сын-пикирлер айтылып, соңунда шаар бийлиги тарабынан төмөнкү аткаруу талаптары коюлду:

- Ош шаарынын көчөлөрүндө жайгаштырлыган жарнактарды, кулактандырууларды жана башка маалыматтарды Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик тил жөнүндө» мыйзамынын ченемдерине ылайык келтирүү боюнча биргелешкен тартипте иштерди күчөтүү;

- Жооптуу кызматкерлерге тартиптик жаза чараларын колдонууга чейин муниципалдык аймактык башкармалыктардын адистеринин иш-чараларга катышкан бардык кызматтар менен жеринде өз ара аракеттенүүсүн күчөтүү.

Пикир

Оставить комментарий