• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкек мэриясы шаардагы 43 тигүү цехин текшерди

Коом 0

Бишкек, 03.03.22. /Кабар/. Шаарды көрктөндүрүү жана жерди пайдаланууну көзөмөлдөө боюнча инспекциясы борбор калаанын санитардык абалды жакшыртуу жана шаарды уруксатсыз курулуштардан бошотуу боюнча иш алып барууда.

Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы билдиргендей, текшерүүчүлөр Орозбеков жана Саадаев көчөлөрүнүн кесилишиндеги дүкөн тарабынан мыйзам бузуу фактысын аныкташкан.

Муниципалитеттен белгилешкендей, ал жерде жеңил объекттин ордуна капиталдык имарат тургузулган. Үй ээлери менен түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, андан соң тартип бузгандар өз ыктыяры менен объектти алышты.

"Ошондой эле Свердлов району боюнча инспекторлор «Тазалык» муниципалдык ишканасынын адистери менен биргеликте тигүү цехтерине таштанды чыгаруу келишимин түзүү боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү. 43кө жакын пункттарды кыдырып, анын 29у боюнча милдеттүү түрдө келишим түзүү боюнча эскертүү берилди", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий