• 88.34
  • 95.27
  • 0.96

Жакынкы бир саатта Бишкек жана Чүйдө катуу шамал болушу күтүлөт

Коом 0

Бишкек, 26.10.23. /Кабар/. Жакынкы бир саатта Бишкек жана Чүйдө катуу шамал болушу күтүлөт. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Кыргызгидрометтин маалыматына ылайык, жакынкы бир саат аралыгында жана кечинде Бишкек шаарында, Чүй өрөөнүндө батыштан соккон желдин ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге жеткен катуу шамал катталышы күтүлөт.

ӨКМ төмөндөгү эрежелерге көңүл бурууну эскертет:

- катуу шамал учурунда эшикте сейилдөөнү токтотуп туруңуз;

- унааңызды имараттын жана бак-дарактын түбүнө токтотпоңуз;

- электр чубалгыларынын жанына турбаңыз;

- көчөдөн көз айнек тагыныңыз;

- үйдүн эшик-терезелерин жабыңыз.

"Кырсык болгон учурда "112" бирдиктүү номерине байланышыңыз", - деп айтылат билдирүүдө.

Пикир

Оставить комментарий