• 88.68
  • 95
  • 0.95

"Жашыл мурас". Чүй жана Ош облустарында жалпы 3 миң көчөт отургузулду

Коом 0

Бишкек, 31.10.22. /Кабар/. 29-октябрда "Жашыл мурас" улуттук кампаниясынын алкагында Чүй токой аңчылык чарбасынын 10 гектар жер аянтына 2 миң 500 түп жаңгак көчөттөрү отургузулду. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, көчөттөрдү Жалал-Абад облусунун Каба токой чарбасы камсыз кылууда.

Ошондой эле Ош токой чарбасынын аймагында 1 га жер аянтына 500 түп Тянь-Шань карагайынын көчөттөрү отургузулду.

Мындан тышкары, БУУ өкүлчүлүгүнүн демилгеси боюнча БУУ менен Кыргызстандын кызматташтыгынын 30 жылдыгына карата символикалык көрсөткүч катары 3 миң түп көчөт отургузуу болжолдонууда.

"Бул көчөттөр Чүй облусунун Чүй токой аӊчылык чарбасынын Ак-Бешим участкасына отургузулат жана ага 200-250гө жакын адам (БУУнун КРдагы өкүлдөрү, элчиликтер, министрликтер жана ведомстволор, "Студенттер жашыл экономика үчүн" жаштар уюму жана Токой кызматынын кызматкерлери) катышат", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий