• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кызганычтан кыйылган өмүр. Ноокенде адам өлтүрүүгө шектелип 5 киши кармалды

Кырсык 0

Бишкек, 31.10.22. /Кабар/. Милиция Ноокендеги өзгөчө мыкаачылык менен адам өлтүрүү фактысынын бетин ачты.

Жалал-Абад облустук милициясынын басма сөз кызматынан кабарлашкандай, 26-октябрда Ноокен райондук милициясына 35-40 жаштагы адамдын киши колдуу болгон сөөгү тууралуу билдирүү түшкөн. Сөөк Ноокен районунун Достук айыл аймагынын Кең-Сай айылына баруучу автоунаа жол менен Бишкек-Ош автоунаа жолунун 488-чакырымынын кесилишкен жеринен 100 метр алыстыкта жолдун четиндеги арыктын ичинде болгон.

Бул маалымат боюнча окуя болгон жерге Ноокен РИИБдин тергөө-ыкчам тобу жана жектекчилиги чыгып, кароо жүргүзүлүп, схемалар чийилип, фото таблицалар түзүлүп, ишке керектүү материалдар чогултулуп алынган.

Кароо жүргүзүү учурунда табылган өлүктүн денесинде киши колдуу болгон жаракаттары бар, кол-буту жип менен байланган абалда экендиги аныкталган.

Аталган факты боюнча топтолгон материал Ноокен РИИБдин кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренеси (Өзгөчө мыкаачылык менен адам өлтүрүү) менен кылмыш иши козголгон жана соттук-медициналык экспертизалар дайындалган.

Жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин жыйынтыгында маркум Өзбекстандын Наманган облусунун 38 жаштагы тургуну экендиги аныкталган.

Жалал-Абад ОИИБдин жана Ноокен РИИБдин Кылмыш иликтөө бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн кечиктирилгис түрдөгү ыкчам-иликтөө иштеринин натыйжасында, өзгөчө мыкаачылык менен адам өлтүрүү фактысына шектүү катары Шамалдысай шаарчасынын тургундары 1987-ж.т. Н.С., Т.Н., К.И., 1991-ж.т. К.А. жана Ноокен районунун тургуну 1993-ж.т. А.Н. тергөөгө камсыздалган.

Ошондой эле бул кылмыш окуя кызганычтан улам келип чыккандыгы жана жабырлануучуга карата мыкаачылык мамиле жасалып, денесине оор жараттарды келтиргендиги аныкталган.

Тергөөнүн жүрүшүндө шектүүлөр Кыргыз Республикасынын КЖПКнын 96-беренесинин негизинде убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Учурда кылмыш иши боюнча тергөө амалдары жүргүзүлүп жатат.

Пикир

Оставить комментарий