• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Таласта жол кырсыгынан эки адам каза болуп, үчөө ооруканага жаткырылды - ӨКМ

Кырсык 0

Бишкек, 23.10.17. /Нуркыз Сабырова – Кабар/. Талас облусунун Чоң-Токой айылында эки жеңил унаа кагылышкан. Натыйжада эки адам каза болуп дагы үчөө ооруканага жеткирилген.

ӨКМдин берген маалыматы боюнча, жол кырсыгы 22-октябрда болжол менен саат 09:00дөр чамасында катталган.

“Фольксваген” жана “Хонда-CRV” унаалары кагылышып, натыйжада биринчи унаанын айдоочусу жана жүргүнчүсү каза болуп, экинчи унаадагы үч адам ооруканага жеткирилген”,-деп айтылат маалыматта.

Дагы бир жол кырсыгы кечээ, саат 22:35те Бишкек-Ош унаа жолунун 358-чакырымында катталган. Анда “Мерседес Вито” жана “Хонда Степ-Вагон” унаалары кагылышып, бир айдоочу жабыркаган.

Пикир

Оставить комментарий