• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Ошто даракка чагылган түшүп, өрт чыкты

Кырсык 0

Бишкек, 08.06.21. /Кабар/. Ошто даракка чагылган түшүп, өрт чыкты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, кечээ, 7-июнда саат 22:20 чамасында Ош облусундагы Кара-Суу районунун Кызыл-Кошчу айылында диаметри 80 см, бийиктиги 6 метр болгон даракка чагылган түшүп, өрт чыккан. Саат 22:57де өрт чектөөгө алынып, 23:17де толук өчүрүлдү.

Өрттүн кесепетинен жабыркагандар жок.

Пикир

Оставить комментарий