• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Башкы прокуратурада БУУ ЕЭКтин өкүлү менен экология маселеси талкууланды

Коом 0

Бишкек, 20.05.22. /Кабар/. КР Башкы прокуратурасында башкы прокурордун орун басары Кубан Адыл уулу менен БУУнун Европалык экономикалык комиссиясынын айлана-чөйрөнү коргоо департаментинин башчысы Николас Бонвойзендин жолугушуусу болуп өттү. Бул тууралуу башкы көзөмөл органынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, жолугушуу БУУ ЕЭКтин Кыргызстандын экологиялык натыйжалуулугунун үчүнчү Жалпылоо серебинин (обзор) ишке ашыруунун алкагында өткөрүлдү.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар жаратылыш ресурстарын сарамжалдуу пайдалануу, мамлекеттин экологиялык коопсуздугун камсыздоо жана экологиялык маселелер боюнча чечимдерди кабыл алууга коомчулуктун катышуусун камтыган айлана-чөйрөнү коргоо жаатындагы өз ара кызматташуу маселелерин талкуулашты.

Башкы прокурордун орун басары курчап турган чөйрөнү коргоо маселесинин өзгөчө маанилүүлүгүн жана артыкчылыктуулугун, жаратылышты коргоо ишмердигине прокурордук көзөмөлдүн натыйжалуулугун жогорулатууну белгиледи.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар мамлекеттин жүргүзүп жаткан экологиялык саясатынын маанилүүлүгүн белгилешип, эки тарапты кызыктырган маселелер боюнча мындан аркы кызматташуу ниетин билдиришти.

Пикир

Оставить комментарий