• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Башкы прокуратура кызматкерлери БАдагы Укуктун үстөмдүгү программасынын башкаруу комитетинин I отурумуна катышты

Коом 0

Бишкек, 09.06.21. /Кабар/. КР Башкы прокуратурасынын кызматкерлери видеоконференция байланышы аркылуу Борбордук Азиядагы Укуктун үстөмдүгү программасынын башкаруу комитетинин биринчи отурумуна катышты. Бул тууралуу башкы көзөмөлдөө органынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, отурумдун алкагында Европа менен Борбордук Азиянын ортосундагы жалпы укуктук мейкиндикти кеңейтүү, адам укуктарын коргоону күчөтүү, ачык-айкындуулукту жайылтуу жана экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү, коррупцияга каршы тутумдардын натыйжалуулугун жогорулатуу маселелери талкууланды.

Иш-чарада Борбордук Азия өлкөлөрүнүн, Европа Биримдигинин жана Европа Кеңешинин сот адилеттиги, жарандардын укуктарын коргоо, коррупцияга каршы күрөшүү жана мыйзамдуулукту камсыз кылуу маселелери боюнча мамлекеттик органдардын жетекчилери жана өкүлдөрү дагы болушту.

Аталган отурумга чейин, 2021-жылдын 22-23-апрелинде Башкы прокуратуранын прокурор-тергөөчүлөрдү кесиптик даярдоо борборунун кызматкерлери юридикалык кесиптердин өкүлдөрү үчүн Европа Кеңеши жана Европа Биримдиги тарабынан адам укуктары боюнча уюштурулган биринчи регионалдык онлайн-тренингинде (ТоТ) окутуудан өтүшкөн.

Пикир

Оставить комментарий