• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Башкы прокуратуранын жетекчилиги жарандарды кабыл алды

Коом 0

Бишкек, 01.04.21. /Кабар/. Бүгүн, 1-апрелде Башкы прокуратуранын жетекчилиги тергөө органдарынын мыйзамсыз аракеттерине, соттук териштирүүлөрдөгү негизсиз создуктурууга карата, кыймылсыз, кыймылдуу мүлк ортосундагы талаштар жана ар түрдүү маселе, талаптар боюнча кайрылган жарандарды кабыл алды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, ар бир жарандын кайрылуусун кылдаттык менен карап чыгуу максатында жыйынга Башкы прокуратуранын жетекчилигинен сырткары түз видео байланыш аркылуу Ош облустук прокуратурасынын жетекчилиги катышты. Кабыл алуунун жыйынтыгында тиешелүү бөлүмдөрдүн кызматкерлерине тийиштүү тапшырмалар берилди.

Белгилей кетсек, жарандардын кайрылуулары менен иш алып баруу прокуратура органдарынын артыкчылыктуу багыттарынын бири болуп саналат.

Пикир

Оставить комментарий