• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Баткен боюнча такталбаган маалымат тараткан журналистти жеринде курулуш иштери менен тааныштырып жүрүшөт

Коом 0

Бишкек, 01.02.23./Кабар/. Президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматынын башчысы Дайырбек Орунбеков “Спутник” маалымат агенттиги тарабынан “Кан төгүлгөн Баткендеги көмүскө кызыкчылыктар. Артында Туманбаев турабы?”- деген аталыштагы иликтөө видеорепортажын карап чыгып, төмөнкүлөрдү билдирет.

"Трагедиялуу окуялар менен коштолгон Баткен облусундагы чек ара чырынан кийин, президент Садыр Жапаров жабыркаган турак жайларды толугу менен калыбына келтирүү тапшырмасын койгон жана курулуш иштери бүгүнкү күнгө чейин мамлекет башчынын тыкыр көзөмөлүндө.

Ал эми курулуштун кечеңдөөсүнүн обьективдүү себептери буга чейин массалык маалымат каражаттары үчүн ачык айтылган. Талкаланган үйлөрдү кайра куруу оңойго турган жок. Коопсуздук жагынан чочулап, канчалаган куруучулар кыйраган айылдарга барып иштөөдөн баш тартышты. Айрым компаниялар курулуш иштерин кымбат баалап, коюлган шартка көнгөн эмес. Президент Садыр Жапаров “Кабар” агенттигине берген маегинде Баткендеги турак жайлардын курулушу боюнча кеңири айтып берди.

1 үйдүн курулушунун чыгымы - мамлекеттик турак жай, курулуш агенттигинин эсеби боюнча 5 млн 500 миң сомдун тегерегинде куруу сунушталган.

Ал эми президенттин иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев альтернативдуү сунуш берген. 1 үйдүн курулушуна 3 млн 300 миң сомдон кетээрин эсептеп чыгып, бир эле турак жайдан мамлекет 2 млн 200 миң сомду үнөмдөсө болорун айткан. Бүгүнкү күндө подрядчы “Аманат строй инвест” компаниясы, субподрятчы жергиликтүү 33 компания үйлөрдү бүтүрүүдө.

Салыштырып айтканда, базар баасы менен турак жайлардын 1 чарчы метри 700-800 долларга бааланып жаткан чакта, керектүү курулуш материалдары транспорттук чыгымдар менен Бишкектен ташылып жатканына карабай, Баткен облусунда курулуп жаткан үйлөрдүн 1 чарчы метри 380 доллардан ашкан жок. Муну менен курулуштун сапаты да бузулбай, стандарттар толугу менен сакталууда.

Эми, курулуш иштерин жүргүзүп жаткан “Аманат курулуш инвест” компаниясынын артында “Президенттин иш башкармалыгынын башчысы Каныбек Туманбаев турабы?”- деген маалыматтык манипуляцияга караганда, “Баткендеги үйлөрдү калыбына келтирүүдө коррупциялык иштер барбы же жокпу, кандай бүтүп жатат, сапаты дуруспу?”,-деген суроо коюлса коомчулук үчүн да туура болоттур. Президенттин көзөмөлүндөгү иште бир тыйын да максатсыз коротулган жок.

“Спутник” сайтынын журналисти эски маалыматтарды пайдаланып, аны бүгүнкү күн менен жарыялап, тек гана көрөрмандарга “Баткендеги курулуш иштеринде К.Туманбаевдин кызыкчылыгы бар” деген таасирди калтыргылары келгени, негизги максат болгон деп эсептейбиз.

Мындай фактысы жок божомолдор журналисттик этика, стандарттарын бузууга гана жатпастан, коомчулуктун кыжырдануусун күчөтүүгө карата жасалган атайы аракет катары баалоого болот.

Кармышаковдун материалынын темасын окуган социалдык байланыш тармактарынын колдонуучулары, Баткендеги курулушка бөлүнгөн каражатты К.Туманбаев жеке кызыкчылыгына пайдаланып жатыптыр деп талкуулап жатышат.

Мындай жалган маалыматтарды төгүндөө үчүн, журналист Эламан Карымшаковду жаныбызга алып, Баткенде жүрүп жаткан турак жайлардын курулуш иштерин көрсөтүү үчүн алып келдик. Эки күн бою курулуш иштери менен тааныштырып, каалаган суроосуна жооп алууга шарт түзүп беребиз.

Жашыра турган эч нерсе жок, болгону талылуу маселеге айланган Баткен темасын ар кимиси эле көтөрүп чыгып, бурмалап, мамлекеттин ишине, репутациясына шек келтире бергени туура эмес деп эсептейбиз", - деди Орунбеков.

Пикир

Оставить комментарий