• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Аз камсыз болгондорго ипотеканы 10%дан төмөн берүүгө мамлекеттин мүмкүнчүлүгү жок – депутат

Коом 0

Бишкек, 30-март /Кабар/. Аз камсыз болгон жарандарга ипотекалык насыяны 10% үстөктөн төмөн берүүгө мамлекеттин мүмкүнчүлүгү жок. Бул тууралуу бүгүн парламенттин жыйынында депутат Дастан Бекешов ипотекалык насыяга байланыштуу кесиптешинин суроосуна жооп берип жатып билдирди.

Депутат Наталья Никитенко эмне үчүн Мамлекеттик ипотекалык компания (МИК) ипотекалык насыяга минималдуу 10% үстөк койду деп сурады. “Коэффициенти менен ал 12%-15%ды түзүшү мүмкүн. Анда ал коммерциялыктан эмнеси менен айырмаланат? Минималдуу үстөктү 5% коюш керек. Азырынча коюм жогорулаган жок, бирок мыйзамда көтөрүү каралган. Анда турак-жайдын жекиликтүүлүгү эмнеде?”,-деген ал, бул элди алдоо деп белгиледи.

Депутат Дастан Бекешов аз камсыз болгон жарандар үчүн таптакыр эле үстөгү жок берсек андан жакшы болмок деп белгиледи. Анткени, 5%дык үстөк дагы аларга оор. “Бирок, ачык айтыш керек, азырынча андай кылууга мамлекеттин мүмкүнчүлүгү жок. Биз карап көрдүк, негизинен ипотекалык насыяны мугалимдер, врачтар жана бюджеттик уюмдардын кызматкерлери алышат”,-деди ал.

МИКтин төрагасы Бакыт Шамкеев өкмөт бюджеттеги мүмкүнчүлүккө жараша иш алып барууда деп белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий