• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Баткен: Инспекторлор коомдук коопсуздукту камсыз кылууда күчөтүлгөн тартипте иш алып барышууда

Аймак 0

Бишкек, 02.05.21. /Кабар/. Баткен облусу боюнча жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн кызматкерлери учурда коомдук коопсуздукту жана жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча күчөтүлгөн тартипте иш алып барышууда. Бул тууралуу КР ИИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, учурда Кызыл-Кыя, Караван, Кадамжай, Кок-Таш, Ак-Татыр аймактарында күнү-түнү дебей блок посттордо кызмат өтөшүүдө.

Андан тышкары, калкты эвакуациялоо, жарандарды жана келип жаткан жардамдарды коштоо иштерин, ошону менен эле бирге жер-жерлерде калк арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүшүүдө.

Пикир

Оставить комментарий