• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Баткен облустук сотторунун судьяларынын ыйгарым укуктары токтотулду

Коом 0

Бишкек, 08.06.18. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков кол койгон Жарлыкка ылайык, Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин сунушу боюнча жана Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 64-беренесинин З-бөлүгүнүн 4-пунктуна жана 95-беренесинин З-бөлүгүнө, «Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 27-беренесинин негизинде ыйгарым укуктарынын мөөнөтү аяктагандыгына байланыштуу Аданбаев Зарипбек Максутович, Айжигитов Бостонбай Абдрашитович, Алибаев Бактыяр Маликович, Жороев Султангазы Золотунович, Карабаев Сооронбай Уркунбаевич, Нарынбаев Таштанбек Пахирович, Толубаева Уулча Мейманалиевна жана Түмөнов Алтынбек Жаңыбаевич Баткен облустук сотунун судьясынын ыйгарым укуктарын жүргүзүп жаткан Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотунун судьясынын кызматынан бошотулуп, алардын Баткен облустук сотунун судьяларынын ыйгарым укуктары 2018-жылдын 30-апрелинен тартып токтотулду.

Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.

Пикир

Оставить комментарий