• 88.68
  • 95
  • 0.95

Медиктер үчүн финансылык менеджмент жана мамлекеттик сатып алуулар боюнча окуулар өткөрүлдү

Коом 0

Бишкек, 28.11.23. /Кабар/. 20-ноябрдан 24-ноябрга чейин баштапкы медициналык-санитардык жардамдын сапаты, финансылык менеджмент жана мамлекеттик сатып алуулар боюнча окуу семинарлары өткөрүлдү. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиршити.

Маалыматка ылайык, окутуу республиканын саламаттык сактоо уюмдарынын жетекчилеринин жана адистеринин квалификациясын жогорулатуу максатында, ошондой эле Саламаттыкты сактоону өркүндөтүү программасынын иш-чаралар планына ылайык өткөрүлдү.

Семинардын жүрүшүндө катышуучулар мамлекеттик башкаруу, мамлекеттик сатып алууларды пландаштыруу жана "1С: Бухгалтердик эсеп" программасы жаатында баштапкы медициналык-санитардык жардамдын сапатын жогорулатуу жана төлөмдөргө байланыштуу көрсөткүчтөр, тышкы аудиттин жыйынтыктары, БМСЖны каржылоо, салык салуу жана электрондук товардык транспорттук коштомо кагазын түзүү, финансылык отчеттуулуктун эл аралык стандарттары боюнча маалымат алышты.

Пикир

Оставить комментарий