• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Баткен облустук сотунун төрагасынын эки орун басары дайындалды

Кадр саясаты 0

Бишкек, 20.03.24. /Кабар/. Бүгүн, 20-мартта Жогорку соттун төрагасы Замирбек Базарбековдун буйруктары менен беш жылдык мөөнөткө Баткен облустук сотунун төрагасынын орун басарлары дайындалды.

Соттун басма сөз кызматынан билдиришкендей, жазык иштери боюнча орун басары болуп Азамат Алдашов жана жарандык жана экономикалык иштер боюнча орун басары болуп Кундуз Абышова дайындалды.

Замирбек Базарбеков дайындалган орун басарларга ишти кароо мөөнөтүнө, сот адилеттигин жүргүзүүнүн сапатына жана мыйзамдуу жана негиздүү чечимдерди чыгарууга өзгөчө көңүл бурууну тапшырды.

Пикир

Оставить комментарий