• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Баткен облусун аймактык экономикалык өнүктүрүү долбоору талкууланды

Экономика 0

Бишкек, 01.10.21. /Кабар/. Кечээ, 30-октябрда КРнын экономика жана финансы министринин биринчи орун басары Данияр Иманалиевдин Дүйнөлүк банктын Вашингтондогу (АКШ) өкүлчүлүгүнүн өкүлдөрү менен онлайн жолугушуусу болду. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, онлайн жолугушуу учурунда Баткен облусун аймактык экономикалык өнүктүрүү долбоору талкууланды.

Аталган долбоордун максаты бир катар секторлорго максаттуу интервенция жасоо жолу менен Баткен облусунун аймактык экономикалык өнүгүүсүнө түрткү берүү болуп саналат.

Долбоор 6 жылдык мөөнөт менен Дүйнөлүк банк тарабынан болжол менен 50-60 млн долларга жүзөгө ашырылат жана ишмердүүлүктүн төмөндөгүдөй 6 компонентин камтыйт:

  • Аймакты туруктуу өнүктүрүүнү пландаштыруу;
  • Муниципалдык инфраструктураны жана базалык мамлекеттик кызматты колдоо;
  • Айыл чарба азык-түлүк кластерин күчөтүү;
  • Чакан жана орто бизнести колдоо үчүн чакан гранттар программасы;
  • Мүмкүн болгон өзгөчө кырдаалдарга каршы туруу;
  • Долбоорду жүзөгө ашырууну колдоо, көзөмөлдөө жана баа берүү.

"Бул айыл чарба активдерин же кызматтарын алган дыйкандардын, шаардык жана айылдык өндүрүшчүлөрдүн санынын өсүшүнүн натыйжасында күтүлүүдө жана инфраструктуранын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жана жеткиликтүүлүгүн жогорулаткан, кирешелүү рынокторго жетүүнү камсыздайт", - деп айтылат маалыматта.

Белгиленгендей, жыйынтыгында бул чакан гранттар программасынын ишмердүүлүгүнүн натыйжасында түзүлгөн жумуш орундарынын санынын өсүшүнө алып келет.

Пикир

Оставить комментарий