• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Баткен облусунан ажылык сапарга кеткен ажылардын алгачкы тобу 23-август күнү келет

Коом 0

Бишкек, 21.08.19. /Кабар/. Баткен облусунан ажылык сапарга кеткен ажылардын алгачкы тобу 23-август күнү кайтып келет. Бул тууралуу муфтияттын басма сөз кызматы билдирди.

Зыяратчылар менен бирге кеткен ажы башчылардын айтымында, алардын ажылык амалдары аяктап, кайтууга камылга көрүшүүдө.

Алар 23-август күнү таң эрте «Ош» эл аралык аба майданына учуп келишет.

Эскерте кетсек, быйыл Баткен облусунан ажылык сапарга 488 жаран кеткен.

Пикир

Оставить комментарий