• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Баткен облусунда 1 млн сомдук аткезчилик жүк кармалды

Аймак 0

Бишкек, 09.03.20. /Кабар/. Баткен облусунда баасы 1 млн сомдук аткезчилик жүк кармалды. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришти.

Чек ара кызматынан билдиришкендей, Лейлек районунун Сай жергесинде 33 жаштагы У.А. аттуу КР жараны көзөмөл-өткөрмө бекетинен тышкары Тажикстандан Кыргызстанга жүк алып өтүүгө аракет кылган. Ал жаран өлкөгө 15 тонна жашылча алып келе жаткан. Айдоочуда жүктүн тиешелүү документтери болгон эмес.

Ошондой эле Арка айылында "Мерседес-Бенц Атего" унаасы менен Тажикстанга аткезчилик жол менен 17 тонна ун алып чыгууга аракет кылган КР жарандары кармалган.

Кармалган жүктөрдүн баасы дээрлик 1 млн сомду түзгөн.

Кармалган жүктөр менен КР жарандары Мамлекеттик бажы кызматынын кызматкерлерине өткөрүлүп берилген.

Пикир

Оставить комментарий