• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Баткен облусунда эки баш жылкыны чек арадан мыйзамсыз өткөрүп бара жаткандар кармалды

Аймак 0

Бишкек, 11.09.20. /Кабар/. Баткен облусунда эки баш жылкыны чек арадан мыйзамсыз өткөрүп бара жаткан жарандар кармалды. Бул тууралуу Ветеринардык жана фиосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясы билдирди.

Ветеринардык инспекция билдиргендей, 10-сентябрь күнү Бажы кызматынын Баткен облусу боюнча башкармалыгынын жана Баткен райондук ветеринардык коопсуздук боюнча башкармалыктын кызматкерлери рейд учурунда Баткен районунун Тажикстандын Согд облусунун Исфара району менен чектешкен жеринде - Кара-Бак айылында 2 баш жылкыны чек арадан мыйзамсыз өткөрүп жаткан жарандарды кармашкан. Кармалган жарандар Кадамжай районунун Охна айылынын тургундары болгон.

"Алар менен түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, аларга КР Бузуулар кодексинин 156-статьясынын негизинде (3-категорияда) 5 миң 500 сом айып пул салынды. Эки баш жылкы Кадамжай районуна жөнөтүлүп, Кадамжай райондук башкармалыктын инспекторлору тарабынан карантинге алынды. Учурда тиешелүү ветеринардык иштер жүргүзүлүүдө (диагностикалык иштер)", - деп билдирет ветеринардык инспекция.

Пикир

Оставить комментарий