• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Баткен облусунда оорунун очогу болгон аймактарда санитардык талаптар күчөтүлдү

Аймак 0

Бишкек, 02.10.20. /Кабар/. Баткен облусунда оорунун очогу болгон аймактарда санитардык талаптар күчөтүлдү. Бул тууралуу өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, акыркы учурларда облуста коронавирус оорусу менен ооруган жарандар Кадамжай районунун Халмион айыл аймагынан көп катталууда.

Кечээ коронавирус боюнча облуста 77 жаңы учур катталган болсо, анын 34ү Кадамжай районунан, анын ичинен 11и Халмион айылынан катталды. Күн сайын айыл аймактан 10дон 20га чейин учурлар катталууда.

Ыйгарым укуктуу өкүл Алишер Абдрахманов буга байланыштуу Кадамжай районунун жетекчилигине эпидкырдаалды турукташтыруу боюнча зарыл болгон чараларды көрүү тапшырмасын берип, Халмион айылындагы “Баяман баатыр” базарынын жетекчисин кабыл алып, тез арада базардын санитардык абалын оңдоо керектигин айткан.Мындан улам аймакта коопсуздук чаралары күчөтүлүп, ыйгарым укуктуу өкүлдүн тапшырмасы менен кечээ, 1-октябрда аталган базарда рейд жүрдү.

Айыл аймактагы эпидкырдаалга байланыштуу райондук штабдын чечими менен “Баяман баатыр” базарында жума, ишемби жана дүйшөмбү күндөрү санитардык күн деп белгиленген.

Рейд учурунда базардын кире беришине дезинфекциялоочу туннель орнотулуп, жарандар тепловизордон текшерилип, беткап менен базарга киргизилип жатканы маалым болду. Базардын соодагерлерине беткап жана колкап менен иштөө талабы коюлуп, тамактануучу жайлар санитардык талаптарды сактоо менен иш алып барууда.

Белгилей кетсек, өткөн жумада базарга рейд жүрүп, 9 тамактануучу жай жабылып, бир канча соодагерлерге айып салынган. Бул жолку рейддин жыйынтыгы менен комиссия, базарды толугу менен санитардык талапка жооп берет деп белгилешти.

Базар жетекчилигинин айтымында, эпидкырдаалга байланыштуу базарга чыккан соодагерлердин жана келген жарандардын саны эки эсеге азайган. “Баяман баатыр” базарында учурда 500дөн ашуун соодагер эмгектенип,1000ден ашуун адам келип турат.

Рейд учурунда Халмион айылында жол боюндагы ишканалар да текшерилип, санитардык талаптарды сактабаган бир ашканага 3000 сом айып салынып, ашкана жабылды.

Райондук администрациянын маалыматына таянсак, бүгүнкү күнгө Кадамжай районунда той-мааракелерин өткөргөн учурлар жок.

Пикир

Оставить комментарий