• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Баткен облусунун 44 айылында таза суу түтүктөрү курулат

Аймак 0

Бишкек, 10.08.21. /Кабар/. Ислам өнүктүрүү жана Сауд өнүктүрүү фонду аркылуу каржыланган «Баткен жана Талас облустарынын айылдарындагы ичүүчү суу менен камсыздоо тутумдарын жакшыртуу» долбоорунун алкагында Баткен облусунун 44 айылында таза суу тутумдары курулат. Бул тууралуу «Кабар» агенттигиндеги маалымат жыйынында Архитектура, курулуш жана турак-жай коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин (Мамкурулуш) алдындагы Ичүүчү суу менен камсыздоону жана саркынды сууларды чыгарууну өнүктүрүү департаментинин директору Достукбек Ободоев билдирди.

Анын айтымында, 44 айылга - Лейлек району боюнча 10 айыл, Баткен району боюнча 5 айыл, Кадамжай району боюнча 29 айыл кирген. «Азыркы учурда аталган айылдардын долбоордук сметалык иш кагаздары долбоордук мекеме тарабынан иштелип жатат»,-деди ал.

Ошондой эле, ал Максат айылында жалпы суммасы 12,8 млн сомду түзгөн курулуш монтаждоо жумуштары Баткен облусу боюнча түзүлгөн атайын эсептин каражатынан башталып, активдуу фазасында жүрүп жатканын билдирди.

Ободоев республикалык бюджеттин эсебинен «Капиталдык салымдар» беренеси аркылуу Лейлек районунун Булак-Башы, Чурбек, Даргаз, Миң-Жыгач, Жаңы-Турмуш айылдарында долбоордук сметалык кагаздары бүткөрүү этабында туганын белгиледи. «Ал эми Маргун, Арка-1, Арка-2 айылдарында долбоордук сметалык иш-кагаздарын жаңыдан даярдоо иштери башталды, мындан сырткары Баткен районунун Кайыңды, Кан жана Сары-Талаа айылдарында долбоордук сметалык иш кагаздарын даярдоо жумуштары жүрүп жатат»,-деди департаменттин директору.

Мындан тышкары, ал белгилегендей Лейлек районунун Кулунду, Саада, Интернационал, Ак-Арык жана Разаков айылдарында курулуш жумуштары боюнча мамлекеттик сатып алуу порталына жарыялоого даярдыктар 2021-жылдын август айына каралууда.

«Бүгүнү күндө Баткен районун Кыш-Тут айыл өкмөтүнө караштуу Сай айылында жалпы суммасы 21,8 млн сомду түзгөн курулуш жумуштары башталды»,-деп сөзүн жыйынтыктады Ободоев.

Пикир

Оставить комментарий