• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Баткен облусунун башчысы 3 эм балдарга жаңы жылы менен куттуктады

Аймак 0

Бишкек, 29.12.21. /Кабар/. КР президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаевдин жеке демилгеси менен облустун аймагындагы 3 эм төрөлгөн алты үй-бүлөнүн балдарына жаңы жылдык белектер берилди. Бул тууралуу өкүлчүлүктүн басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, облус башчысы балдарга жана аларды тарбиялап жаткан ата-энелерине чың ден соолук, окууларына ийгиликтерди, Жаңы жылда бардык ой-максат тилектери ишке ашуусун каалады.

Ошондой эле облус башчысы Жаңы жыл майрамын өзгөчө балдар аруу тилек менен күтөөрүн, аларга майрамдык маанай тартуулап, ар дайым көңүлдөрүн көтөрүп туруу керектигин айтты.

Өз кезегинде 3 эм балдардын ата-энелери облус башчысына жаңы жылдык белек тартуулап, көңүл бургандыгы үчүн өздөрүнүн ыраазычылыгын билдиришти. Бүгүнкү күндө Баткен облусунун аймагында 6 үй-бүлөдө 3 эм төрөлгөн 18 бала бар.

Пикир

Оставить комментарий