• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Баткен облусунун башчысы Алимбаев Сүлүктү шаарында шахтерлор менен жолукту

Аймак 0


Бишкек, 07.11.21. /Кабар/. Бүгүн, 7-ноябрь президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев Сүлүктү шаарында шахтерлор менен жолугушту. Бул тууралуу өкүлчүлүктүн басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, жолугушууда ыйгарым укуктуу өкүл көмүргө болгон баанын толук кандуу сакталбай жаткандыгы боюнча маселени көтөрдү. Облус аймагындагы жашоочулар үчүн көмүргө болгон баалар кымбат болбостугу зарыл экенин катуу эскертти.

Ошондой эле А.Алимбаев өз сөзүндө, биринчи кезекте облус калкын көмүр менен камсыз кылып, андан кийин сыртка чыгарылышы керек деген талабын койду. Эгерде талап аткарылбаса, керектүү чаралар көрүлөрүн баса белгиледи.

Мындан ары айтылган маселелер боюнча акимдер, айыл аймак башчылары көзөмөлгө алып иш алып баруусу тапшырылды.

Пикир

Оставить комментарий