• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Баткен облусунун башчысынын орун басары Кызыл-Бел айылындагы мектептин курулушу менен таанышты

Аймак 0

Бишкек, 06.10.21. /Кабар/. Бүгүн, 6-октябрда, президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Маруфхан Тулаев жана Мамлекеттик курулуш агенттигинин директору Токтомамбет Сатышов Кызыл-Бел айылындагы жаңыдан курулуп жаткан эки кабаттуу 275 орундуу заманбап мектептин курулуш иштери менен таанышып, сапаттуу жана белгиленген мөөнөттө бүткөрүү боюнча талап коюлду.

Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, учурда Кызыл-Бел айылындагы курулушу журүп жаткан мектепти ушул жылдын октябрь айынын соңуна бүткөрүү пландаштырылган.

Андан соң, Тулаев жана Сатышов Баткен районунун чек арадагы айылдардагы жабыр тарткан үйлөрдүн ордуна жаңыдан курулуп жаткан үйлөрдүн курулуш иштери менен таанышты. Ошондой эле Ак-Сай айылындагы эки кабаттуу заманбап балдар бакчасынын курулуш иштери менен да таанышты.

Пикир

Оставить комментарий