• 88.68
  • 95
  • 0.95

Жалал-Абадда "Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан" темир жолу өтүүчү аймактар изилденүүдө

Аймак 0

Бишкек 15.09.22. /Кабар/. Президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлү Абсаттар Сыргабаев “Кытай темир жол курулуш корпорациясынын биринчи долбоорлоо жана изилдөө институтунун" адистери менен жолугушту.

Өкүлчүлүктөн билдиргендей, анда эл аралык маанидеги "Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан" темир жолунун Жалал-Абад облусу аркылуу өтүүчү аймактарын изилдөө иштеринин жүрүшү талкууланды.

Жыйында темир жол өтүүчү болжолдуу тилкелердеги калктуу конуштар жайгашкан жерлерден аралап өтүүчү жеке турак үйлөргө кенемте төлөө шарттары, тарыхый жайларда иш алып баруу тартиби жана археологиялык баалуулуктардын сакталышы тууралуу сөз болду.

Облус башчысы жумуштун жүрүшүндөгү бир катар сунуштарды айтып, темир жол куруудагы туура жана сапаттуу пландоо иштерге керек болгон бардык жардамдар көрсөтүлөөрүн билдирди.

Пикир

Оставить комментарий