• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Баткенде аткезчиликке каршы мобилдүү топтор түзүлүп, аймактарга жөнөтүлдү

Аймак 0

Бишкек, 21.05.21. /Кабар/. Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев район-шаар башчыларынын, облустун күч түзүмдөрүнүн жетекчилеринин катышуусунда аймакта коопсуздукту жана укуктук тартипти камсыз кылуу боюнча кеңешме өттү. Бул тууралуу облустагы өкүлчүлүктөн кабарлашты.

Маалыматка ылайык, кеңешмеде облустагы коомдук-саясий абал, чек ара аймактарында коомдук коопсуздукту камсыздоо, терроризм жана экстримизмге каршы күрөшүү жана диний абал, аткезчиликке каршы күрөшүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иш чаралар талкууланды.

Жыйында каралган негизги маселе - бул кыргыз-тажик чек арасында болуп өткөн акыркы окуялардан соң, чек аралаш аймактарда аткезчиликке бөгөт коюу максатында ыктыярдуу жаштардан түзүлгөн топтор менен биргеликте иш алып баруу үчүн мобилдүү топторду түзүү маселеси каралды.

Соңунда Ички иштер органдарынын, Бажы жана Салык кызматтарынын, ошондой эле УКМКнын кызматкерлеринен турган төрт мобилдүү топ түзүлүп, Лейлек районунун Кулунду, Арка, Баткен районунун Самаркандек, Кара-Бак айыл аймактарындагы аткезчилик тобокелчилиги бар аймактарга жөнөп кетишти.

Пикир

Оставить комментарий