• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Жалал-Абад облусу менен ЕККУ натыйжалуу кызматташтыкты улантат

Аймак 0

Бишкек, 16.06.21. /Кабар/. Бүгүн, 16-июнда Жалал-Абад облусунун башчысынын орун басары Ырысбек Ызабеков Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык Уюмунун (ЕККУ) Бишкектеги башкы кеңсесинин жетекчиси Алексей Рогов менен жолугушту. Бул тууралуу министрлер кабинетинин Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, жолугушууда тараптар биргелешкен кызматташтык, алдыдагы багыттар боюнча пикир алмашты.

Алексей Рогов ЕККУ Жалал-Абад облусунун социалдык-экономикалык, айыл чарба, кайра иштетүү, ишкердикти колдоо, тармактарындагы натыйжалуу долбоорлор менен биргеликте иштешүүгө кызыкдар экенин билдирди.

Жолугушууда Жалал-Абад облусунун өнөр жай, кайра иштетүү, айыл чарба, энергетика, туризм тармактарындагы жалпы мүмкүнчүлүктөрү боюнча маалымат берилди.

Пикир

Оставить комментарий