• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

КРнын Кореядагы элчилиги Чханвон шаарында өткөн туристтик фестивалга катышууда

Коом 0

Бишкек, 21.05.21. /Кабар/. 2021-жылдын 20-22-майына чейин Кыргыз Республикасынын Корея Республикасындагы элчилиги Кенсан-намдо провинциясынын Чханвон шаарында жыл сайын өтүүчү туристтик фестивалга катышып жатат. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, иш-чаранын жүрүшүндө элчилик тарабынан Кыргызстандын туристтик мүмкүнчүлүктөрү, экспорттук дарамети, ошондой эле экологиялык таза продукциялары (Ат-Башыдан чыккан бал жана кыргыз шоколады) көрсөтүлдү.

Кыргыз диаспорасы менен биргеликте фестивалдын көркүнө айланган улуттук боз үйдү орнотту. Фестивалга келген коноктор кыргыз элинин каада-салты, көчмөн маданияты жана турмушу менен таанышууга мүмкүнчүлүк алышты

Пикир

Оставить комментарий