• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Мамлекеттик бажы кызматында коллегиянын отуруму болуп өттү

Коом 0

Бишкек, 21.05.21. /Кабар/. 2021-жылдын, 21-майында Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматында (мындан ары - МБК) коллегиянын отуруму болуп өттү.

Бажы кызматынан кабарлашкандай, анда 2020-жылдын, 2021-жылдын 1-кварталы үчүн кызматтын ишмердигинин жыйынтыгы, ошондой эле төмөнкү багыттар боюнча 2021-жылдын 2-4 – кварталына тапшырмалар каралды:

  • 2020-жыл үчүн МБКнын коллегиясынын ишинин жыйынтыгы жана 2021-жылга МБКнын коллегиясынын планын долбоору.
  • Жалпы 2020-жыл, 2021-жылдын 1-кварталы үчүн Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинин бажы төлөмдөрү боюнча киреше бөлүгүн аткаруу жөнүндө.
  • Жалпы 2021-жылга, 2021-жылдын июнь айына жана 2021-жылдын 2-4 –кварталдарына карата бажы төлөмдөрү боюнча болжолдуу көрсөткүчтөр.
  • 2020-жылдын жана 2021-жылдын 1-кварталынын жыйынтыгы боюнча МБКнын укук коргоо ишинин жыйынтыктары жөнүндө
  • 2020-жылдын жыйынтыгы боюнча жана 2021-жылдын 1-кварталынын жыйынтыгы боюнча МБКнын бюджетинин чыгаша бөлүгүн аткаруу жөнүндө
  • 2020-жылга жана 2021-жылдын 1-кварталына МБКда аткаруу тартибинин абалы жөнүндө
  • 2021-жылга МБКнын Иш планынын долбоору жөнүндө
  • 2019-жылга аудиттин жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын Жазма буйругун аткаруу жөнүндө
  • 2021-2023-жылдарга Мамлекеттик бажы кызматын өнүктүрүү программасынын долбоору

Кароонун жыйынтыгында каралып жаткан суроолор боюнча коллегиянын чечими менен МБКнын ишмердүүлүгү канааттандырарлык деп таанылды.

Андан тышкары, коллегиянын чечими менен бажы кызматынын ишин автоматташтыруу каралып, 2021-2023-жылдарга Мамлекеттик бажы кызматын өнүктүрүү программасынын долбоору жактырылган.

Пикир

Оставить комментарий