• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

ДЦП менен ооруган баланын сабалышы. Окуя КР Балдардын укуктары боюнча ыйгарым укуктуу өкүлүнүн көзөмөлүндө

Коом 0

Бишкек, 21.05.21./Кабар/. Бишкек шаарындагы «Аутизмди жеңебиз kg» коомдук фондусундагы баланын сабалышы боюнча окуя Кыргыз Республикасынын Балдардын укуктары боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Жыпариса Рысбекованын көзөмөлүндө. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирет.

Буга чейин жалпыга маалымдоо каражаттарында аталган мекемеге келген ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген 6 жаштагы баланы сабап жатканы чагылдырылган видео тараган.

Окуянын бардык жагдайларын тактоо үчүн Жыпариса Рысбекова баланын энеси Назгүл Асанова менен жолуккан. Баланын энеси үй-бүлөнүн ал-акыбалы жана болуп өткөн окуя жөнүндө айтып берген. Учурда бул үй-бүлө 6 жаштагы Иса Ражапалиевге адистештирилген дарылоодон өтүү үчүн Ош облусунан Бишкек шаарына убактылуу көчүп келгендиги белгилүү болду.

Баарлашуунун жүрүшүндө Балдардын укуктары боюнча ыйгарым укуктуу өкүл келечекте балдарга карата мындай зордук-зомбулук фактыларына көзөмөл күчөтүлөрүн баса белгиледи.

Социалдык кызматтарды көрсөткөн бардык уюмдарга кабинеттерине видеокамераларды орнотуп, жумушка алууда кызматкерлерди кылдаттык менен тандап алууну, мындай уюмдарда иштеген кызматкерлерге талапты күчөтүүнү сунуштоо чечими кабыл алынды.

Бүгүнкү күндө баланын энеси Бишкек шаарынын Биринчи май райондук ички иштер башкармалыгына арыз берди.

Пикир

Оставить комментарий