• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Баткен ОИИБ: Лейлекке гумжардам алып бараткандар өлтүрүлдү делген маалымат жалган

Коом 0

Бишкек, 01.04.21. /Кабар/. Баткен облусунун Лейлек районуна гуманитардык жардам алып бараткан 18 жаран өлтүрүлдү деген маалымат жалган. Бул тууралуу Баткен облустук ИИБден билдирди.

Бүгүн социалдык тармактарда Лейлек районуна гумжардам алып бара жаткан 18 жаранды тажик тарап атып кетти деген маалымат тараган.

“Бул маалыматты тактаганыбызда жалган болуп чыкты. Баткен, Лейлек райондорунун Ички иштер башкармалыктарында мындай маалымат катталган эмес. Урматтуу жарандар социалдык тармактарда жарыяланып жаткан ар бир маалымат далилдүү фактыларга негизделиши керек. Туура эмес, такталбаган маалыматтарды жайылтуудан алыс болуңуздар!”, - деп айтылат милициянын маалыматында.

Пикир

Оставить комментарий