• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Баткен: Чек арадагы ок атуулардан 16 аскер кызматкери жараат алды

Ден соолук 0

Бишкек, 01.05.21. /Кабар/. Чек арадагы ок атуулардан ИИМдин 16 ички аскер кызматкери жараат алды. Бул тууралуу КР Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, чек ара аймагында чыккан чыр-чатак учурунда жаракат алган ички аскерлерге керектүү медициналык жардам көрсөтүлүүдө.

ИИМдин Медициналык башкармалыгынын кызматкерлери борбордун медициналык мекемелерине барып, ал жерде жаракат алган кызматкерлерге түзүлгөн медициналык шарттарын текшеришти. Ал жерге ИИМдин медициналык башкармалыгынын башчысынын орун басары М. Эрназаров жана ИИМдин Медициналык башкармалыктын бейтапканасынын начальниги О. Садыков барышты.

Саламаттыкты сактоо министрлигинин мекемелеринде керектүү медициналык жардам көрсөтүлүп, дары-дармектер жетиштүү. Ички аскерлердин ден соолугун Медициналык башкармалыктын кызматкерлери көзөмөлгө алышты.

1-майга карата Улуттук илимий травмотология жана ортопедия борборунда 7 кызматкер дарыланууда. Улуттук хирургия борборунда жаракат алган 2 кызматкер жайгашкан. Көз микрохирургия бөлүмүндө көзүнөн жаракат алган бир ИИМдин Ички аскерлеринин аскер кызматчысы дарыланууда. Калган жаракат алган кызматкерлер аймактык ооруканаларда дарыланууда.

Жалпысынан кыргыз-тажик куралдуу кагылышуусунун натыйжасында 16 кызматкер ар кандай даражада жараат алган.

Пикир

Оставить комментарий