• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Баткенде 200 орундуу оорукананын курулушу аяктады

Аймак 0

Бишкек, 15.12.20. /Кабар/. Баткенде 200 орундуу оорукананын курулушу аяктады. Бул тууралуу өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, кошуна Өзбек Республикасынын колдоосу менен башталган Баткен облусунун Кадамжай районундагы 200 орундуу жугуштуу оорулар ооруканасы курулуп бүттү. Жакынкы күндөрү пайдаланууга берилүү алдында турат.

Жеңил конструкциядагы оорукана Кадамжай районунун аймактык ооруканасынын короосуна, 1 гектарга жакын аянтка курулду.

Оорукана керектүү медициналык жабдуулар жана эмеректер менен толук камсыздалып, бейтаптар үчүн бардык шарттар түзүлгөн.

Пикир

Оставить комментарий