• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Баткенде 3 адам газга ууланып каза болду

Аймак 0

Бишкек, 27.10.17./Кабар/. Баткен облусунда өз алдынча көмүр казып жаткан 3 адам газга ууланып каза болду. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 26-октябрда саат 22:20да КР ӨКМнин 9 куткаруучусу Самаркандек айыл аймагынын Гарым участкасында шахтада өз алдынча көмүр казган 3 адам шахтанын ичинде газга ууланып, каза болгон жерге барышкан.

“Окуя болгон жерде куткаруучулар шахтанын ичине киришип, 90 метр тереңдиктен газга ууланып, каза болгон 3 адамдын (1970-жылы тулган С.Ормонов, 1972-жылы туулган И.Ибрагимов жана 1987-жылы туулган Акмат уулу У.) денесин алып чыгышып, милиция кызматкерлерине өткөрүп беришти”,-деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий