• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Төө буурчак тазалоочу жана жашартуучу касиетке ээ

Дүр дүйнө 0

Төө буурчактын өзгөчөлүгү, пайдасы жана зыяны, аны кандай багыттарда колдонуу керектиги сизге кызыкпы? Анда бул макала төө буурчак тууралуу кызыктуу фактыларды айтып берет.

Төө буурчактын 250дөн ашык түрү бар. Төө буурчак пайдалуулугу жагынан этке тете. Кызыл, ак түстөгү жана лоя сорту ашканада кеӊири пайдаланылат. Бирок төө буурчакты чийки бойдон пайдалануу ден соолукка зыян. Ошондуктан аны даярдоо алдында сөзсүз түрдө сууга чылап коюу зарыл. Бул андагы тамак сиңирүү көйгөйлөрүн жаратуучу заттарды кетирет.

Сиз билесизби?

  • Төө буурчак сорпосу Байыркы Грецияда жакырлардын тамагы катары саналган, ал эми учурда дүйнө элдеринде бул продукт пайдалуулугу боюнча биринчи орунда турат.
  • Корея, Япония жана Кытайда майда буурчактардан ун жасашат. Бул ундан таттуу токоч жана өзгөчө конфеттерди даярдашат. Ал эми япон парфюмерлери төө буурчактан шампунь жана упаларды жасашат экен.
  • Улуу Британиянын жашоочулары куурулган төө буурчакты абдан көп жешет.

Төө буурчак этке тете өсүмдүк. Кызыл төө буурчакты жумасына 3 стакан жесек жетиштүү. Мисалы, жумасына бир-эки жолу төө буурчак сорпосун ичип, башка учурда аны салатка аралаштырып колдонууга болот.

Кызыл төө буурчактын тазалоочу жана заара айдоочу касиети бар. Бөйрөк, табарсык, боор, жүрөк, ичеги-карын ооруларында мүнөздөп тамак ичүүдө колдонулат. Ошондой эле арыктоо үчүн да кеңири пайдаланышат.

Төө буурчакта темир, магний жана калий көп. Иммунитеттик көтөрүп, тиш, сөөктөрдү бекемдейт.

Төө буурчакты туура кайнатуу: төө буурчак кайнап чыккан соң, суусун куюп алып, муздак суу куюп койгон туура. Мында төө буурчак даамдуураак болот. Кайнатуу учурунда аралаштыруунун кажети жок, даяр болгон соң бир аз өсүмдүк майын кошуп коюуга болот.

Буурчактар антидепрессанттардын бири болгондуктан, аны пайдалануу рак шишиктеринин пайда болуу коркунучун азайтат.

Косметологияда төө буурчактан жасалган маска жашартуучу жана азыктандыруучу каражат катары таасирдүү. Бул үчүн кайнатылган буурчактарды эзип, чыпкадан өткөрүп, олив майы жана лимон ширеси менен аралаштырып, бетке маска катары жабуу керек. Бир аздан соң жакшылап жууп саласыз. Бул маска бырыштарды кетирип, тери жашара түшөт.

Бул өсүмдүк эркектерде заара чыгаруучу функцияны жакшыртып, потенциясын жакшыртат. Тазалоочу касиети өт жана бөйрөктөн таштарды тазалоодо жакшы натыйжа берет. Микробду жок кылуучу өзгөчөлүгү боор ооруларын алдын алууда жакшы.

Төө буурчак ашказанда газ пайда кылгандыктан, бир аз ыңгайсыздык алып келет. Ошондой эле ашказаны ооруган (гастрит, ашказан жарасы барлар), колит, холецистит, панкреатит, нефрит жана муун оорусунан жабыркагандарга төө буурчакты колдонууга болбойт.

Интернет булактарынан алынды

Пикир

Оставить комментарий