• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

iPhone же Android : Смартфонуңуз аркылуу сиз тууралуу эмнелерди билүүгө болот?

Дүр дүйнө 0

Азыр адамдардын көбү смартфон көтөрүп жүрөт. Телефондордун көбү Андроид же iOS операциялык системаларында иштейт. Окумуштуулар ушул эки системаны колдонгон адамдардын мүнөзүн изилдеп, алар тууралуу мүнөздөмө түзүүгө аракет кылышкан. Досун ким экенин айтсаң, сенин ким экениңди айтып берем демекчи сиз кайсы системаны колдонгонуңузга жараша сиз тууралуу билүүгө болот экен.

Улуу Британиядагы Линкольн жана Ланкастер университеттеринин изилдөөчүлөр тобу телефондору Андроид жана iOS системаларынын негизинде иштеген 500 адамдын телефонуна болгон адаттарын, мамилесин изилдешкен. Анын жыйынтыгында окумуштуулар смартфон аркылуу анын ээсине тиешелүү айрым сапаттарды билүүгө болот деген тыянакка келишкен.

Окумуштуулар Андроид колдонгон адамдарды айфондун (iOS системасы Apple фирмасынын жабдыктары үчүн чыгарылат) ээлерине караганда ак ниет адамдар деп эсептешет. Ал эми айфон ээлери жашы кичүү болуп, ачык-айрым келишет.

Мисалы аял кишилер айфон алууга көбүрөөк ыкташат. Эркектер болсо андроидди колдонууга артыкчылык берип, алардын жашы улуу келет.

Изилдөөчүлөрдүн бири Хизер Шоу смартфон өз ээлеринин чакан-санарип версиясы болуп калганын айтат.

"Көп адамдар алардын телефонун башка адам кармаганын жактыра беришпейт. Себеби телефон боюнча биз тууралуу көп нерсе айтууга болот", - дейт ал.

Айфонго жакын адамдар Андроид орнотулган смартфон ээлеринен анча бай келбейт. Бирок "алма сүйүүчүлөр" алардын телефону коом ичиндеги бир макамдын көрсөткүчү экенине чоң маани беришет.

Ошондой эле алар Андроидчилерге салыштырмалуу эмоционалдуу келишет экен.

"Биз адамдарга өздөрү тууралуу бир нече суроо берип, статистикалык модель түзө алдык. Ал маалыматтарга таянып, программа 70% учурда тигил же бул адамдын чөнтөгүндө кайсы телефон болгонун таап коет", - дейт авторлордун бири Дэвид Эллис.

Пикир

Оставить комментарий