• 88.68
  • 95
  • 0.95

Баткен шаарында заманбап мал базары курулду

Аймак 0

Бишкек, 14.11.23. /Кабар/. Баткен шаарынын Чет-Булак кварталында жаңы муниципалдык мал базары курулду, деп билдирет президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы.

Базар 22,8 млн сомго жергиликтүү бюджеттин эсебинен курулду. Бул жайда мал алуучулар жана сатуучулар үчүн бардык шарттар түзүлүүдө.

"Кирген мал жандыктарына тийиштүү адистер көзөмөл жүргүзүп, санитардык абал көзөмөлгө алынат. Базар Баткен шаардык мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаментинин карамагында болот", - деп айтылат маалыматта.

Учурда базардын айланасы тосулган, атайын административдик имараты, жарандар басуучу тротуарлар, мал байлоочу жайлары, бастырмалар курулуп бүттү.

Белгилей кетсек, учурда иштеп жаткан эски мал базары шаардын так ортосунда жайгашып тургандыктан, көчөлөрдө унаа тыгындары орун алып, шаар тургундарына ыңгайсыздыктарды жаратып келет. Бул көйгөйдү чечүү үчүн жаңы мал базар куруу чечими кабыл алынып, Баткен шаарынын мэриясы тарабынан 1,5 га жер аянты ажыратылган.

Пикир

Оставить комментарий