• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Экономика министринин орун басары Кыргызстанда аялдардын ишкердигин өнүктүрүү жөнүндө айтып берди

Экономика 0

Бишкек, 14.11.23. /Кабар/. Бүгүн “Аялдардын ишкердиги -2023” көргөзмөсүнүн экинчи күнүнүн алкагында “Хаятт Ридженси” мейманканасында “Кыргызстандагы ишкер аялдар үчүн инвестициялык чөйрө” деген темада панелдик сессия болуп өттү. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, экономика министринин орун басары Айнура Үсөнбекова өлкөдө аялдардын ишкердигин өнүктүрүү боюнча баяндама жасады. Тактап айтканда, министрдин орун басары Кыргызстанда аялдардын ишкердиги чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясаттын стратегиялык негизин белгиледи.

Өлкө президентинин кайрылуусунда аялдардын өзгөчө ролу белгиленип, анда "заманбап билим берүү жана балдарга кам көрүү системасы ага көз карандысыз болууга мүмкүндүк берет. Бирок, аялдардын эң маанилүү функциясын – кыргыз коомунун дүйнө таанымын, тилин, баалуулуктарын жана нормаларын жаңы муунга жеткирүү милдетин эч ким алмаштыра албайт. Бизге баалуулуктарды калыптандыруучу институт катары коомдогу аялдардын ролун модернизациялоо жана күчөтүү керек. Аялдарды колдоо боюнча долбоорлор керек", - деп айтылат билдирүүдө.

2018-2040-жылдарга Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн Улуттук стратегиясынын алкагында республикада саясий, экономикалык жана коомдук турмушта чечимдерди кабыл алуунун бардык деңгээлдеринде аялдардын башкарууга толук жана бирдей катышуусу камсыз кылынды. Гендердик теңчиликке жетишүүгө жана аялдар менен эркектердин мүмкүнчүлүктөрүнүн ортосундагы дисбалансты жоюуга багытталган мамлекеттик программалар ишке ашырылууда.

Кыргыз Республикасын 2026-жылга чейин өнүктүрүүнүн Улуттук программасынын алкагында калкты иш менен камсыз кылууга көмөктөшүүнүн экономикалык инструменттерин активдүү колдонуу керек. Бул жерде негизги инструмент болуп кызыкдар жарандардын экономикалык активдүүлүгү үчүн финансылык стимул системасынын пайда болушу, консультациялык колдоонун милдеттүү элементтери менен аялдардын экономикалык мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү, окутуу, бизнес маселелери боюнча колдоо, финансылык жана санариптик сабаттуулук болушу мүмкүн.

Ченемдик-укуктук базаны кайра карап чыгууда кичи жана орто бизнести өнүктүрүү мүмкүнчүлүгүн, өзгөчө аялдар арасында мектепке чейинки билим берүүнүн ар түрдүү кызматтарын көрсөтүү мүмкүнчүлүгүн эске алуу керек. Аялдар менен эркектер үчүн эмгек жана үй-бүлөлүк милдеттерди гармониялуу айкалыштыруу, жоопкерчиликтүү ата-энелик, энеликти жана аталыкты коргоо принциптерин, гармониялуу тарбияга негизделген үй-бүлөлүк баалуулуктарды жана үй-бүлөнүн бардык мүчөлөрүн сыйлоо үчүн шарттар түзүлөт.

Кыргыз Республикасынын 2026-жылга чейин бизнести өнүктүрүү программасынын алкагында аялдардын экономикалык активдүүлүгүн жогорулатууга, алардын кирешесин жогорулатууга жана жакырчылыкты кыскартууга көмөктөшүү максатында аялдардын ишкердигин өнүктүрүү үчүн шарттар жана стимулдар түзүлүүдө. Ошондой эле мектепке чейинки билим берүү кызматтарынын жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу, аялдардын экономикага катышуу мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү, аялдар арасындагы жумушсуздукту кыскартуу зарыл.

Кыргыз Республикасынын 2030-жылга чейин гендердик теңчиликке жетишүү боюнча Улуттук стратегиясынын алкагында төмөнкү милдеттерди чечүү аркылуу аялдардын экономикалык мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү артыкчылыктуу багыттардын бири болуп саналат:

  • эмгекке тартуу жолу менен эмгекке жарамдуу курактагы экономикалык жактан жигердүү эмес аялдардын санын кыскартуу;
  • аялдардын ишкердигин өнүктүрүү;
  • татыктуу эмгекти камсыз кылуу үчүн зарыл шарттарды түзүү;
  • аялдардын укуктук жана финансылык сабаттуулугун жогорулатуу;
  • климаттын өзгөрүшүнө адаптациялоо саясатына гендердик аспектилерди киргизүү.

Мындан тышкары, министрдин орун басары стратегиялык документтерде аныкталган алкактарды жана ишкер аялдардын муктаждыктарын эске алуу менен мамлекеттик саясаттын ишке ашырылып жаткан багыттарын белгиледи.

Алсак, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 17-ноябрындагы токтому менен 2022-2026-жылдарга Кыргыз Республикасында аялдардын ишкердигин колдоо жана өнүктүрүү программасы бекитилген.

«Демилгилγγ Айымдар» Аялдардын ишкердигин өнүктүрүү жана гендердик зомбулукту азайтуу коалициясы менен биргеликте Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин алдында аялдардын ишкердигин өнүктүрүү боюнча Консультативдик кеңеш түзүлдү.

Министрлик демилгелеп, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети “Мектепке чейинки билим берүү чөйрөсүндө ишкердикти өнүктүрүү жана балдарды мектепке чейинки билим берүү менен камтууну жогорулатуу боюнча кошумча чаралар жөнүндө” токтом кабыл алды. Тактап айтканда, мектепке чейинки билим берүү тармагында ишкердикти уюштуруу боюнча окуу курсун иштеп чыгуу боюнча 750 жаран окутулуп, анын ичинен 540 адам «Мектепке чейинки билим берүү кызматы» орнотуу курсунда окуудан ийгиликтүү өткөндүгү тууралуу сертификатка ээ болушкан. Учурда турак жайларда мектепке чейинки билим берүү кызматтарын көрсөтүүчү жеке ишкер катары 237 адам катталган.

Ошондой эле, ишкер аялдар үчүн жеңилдетилген каржылоо программасын киргизүү багытында Аялдардын ишкердигин колдоо жана өнүктүрүү программасын ишке ашыруу планын ишке ашыруунун алкагында:

- АӨБ менен 508,39 миң доллар өлчөмүндө жүгүртүлүүчү фондду ишке ашырууну камсыз кылуу боюнча, финансы-кредиттик мекемелердин өздүк каражаттарын берилген жүгүртүү фондунун көлөмүнөн кем эмес өлчөмдө инвестициялоо талабын алып салуу боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатат.

Кошумчалай кетсек, “Бир айыл – бир продукт” долбоору 2007-жылдан бери (15 жылдан ашык) Кыргыз Республикасынын Экономика жана соода министрлиги жана Япониянын Эл аралык кызматташтык агенттиги (JICA) тарабынан ишке ашырылып келет. Долбоор жергиликтүү жамааттардын туруктуу иштешине өзгөчө көңүл буруу менен OVOP ыкмасы аркылуу чакан бизнести илгерилетүүнүн туруктуу моделин илгерилетүүгө багытталган. Долбоор жергиликтүү жамааттарды жандандыруу, жумуш орундарын түзүү, айыл деңгээлинде чакан бизнести өнүктүрүү жана жергиликтүү ресурстардан жогорку сапаттагы продукция өндүрүү боюнча иш-чараларды ийгиликтүү жүргүзүүдө кол өнөрчүлүк, жапайы мөмөлөрдөн жана кургатылган жемиштерден кыям жана шире өндүрүү, аарычылык жана сүт азыктарын өндүрүү сыяктуу өндүрүштүн түрдүү тармактарында, адистешкен 3300ден ашык адам камтылган.

Байланыш иш-чаралары жигердүү жүргүзүлүүдө («Курак» аялдар форуму менен өнөктөштүктө маалымат кербендери, тегерек столдор, массалык маалымат каражаттары менен өз ара аракеттенүү, өлкөнүн ар кайсы аймактарында «Курак» аялдар форумунун» мүчөлөрүнүн мастер-класстары жана тренингдери, анын ичинде финансылык сабаттуулук, билим жана ишкердик көндүмдөр маселелери).

"Аракетчил» долбоорунун алкагында (Ага Хан Фондунун демилгеси менен Кыргызстандын тоо коомдорун өнүктүрүүнү колдоо программасы (MSDSP KG)) 500 кыз-келин "Тигүүчүлүк", "Кондитер", "Компьютердик сабаттуулук", "Сулуулук салону кызматтары" адистиги боюнча билим алышты.

Тигүүчү кесибине атайын кыска мөөнөттүү окуу программасы иштелип чыккан. "Ал Махтум-жаштар келечеги» долбоору менен биргеликте Бишкек шаарындагы №18 жана Ош областындагы №29 ПЛнын базасында 60 аял, аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдөгү кыздар жана жалгыз бой энелер "Ал-Махтум-жаштар келечеги" Тигүүчү" адистигине окутулду.

Эскерте кетсек, Кыргызстанда аялдардын ишкердигин өнүктүрүү жана колдоо боюнча негизги кызыкдар тараптар, анын ичинде мамлекеттик органдардын, жеке сектордун жана жарандык коомдун өкүлдөрү ЭКСПОнун активдүү катышуучулары болуп, жагымдуу бизнести түзүү жана биргелешип иштөө максатын көздөшөт.

Пикир

Оставить комментарий