• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

2022-жылы мамлекеттик бюджеттин кирешеси 300,6 млрд сомду түздү

Экономика 0

Бишкек, 11.02.23. /Кабар/. 2022-жылы мамлекеттик бюджеттин кирешеси 300 млрд 628,7 млн сомду түздү. Бул тууралуу Финансы министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, анын ичинен:

- салыктык кирешелер 228 млрд 961,5 млн сомду түздү, бул жалпыкирешенин 76,1% пайызын түзөт;

- Мамлекеттик салык кызматы тарабынан - 154 млрд 650,7 млн сом, план 100,4% га аткарылган. Бул 2021-жылга салыштырмалуу 48,3% га же 50 млрд 353,8 млн сомго өскөн;

- Мамлекеттик бажы кызматы - 74 млрд 310,8 млн сом план 100,8% га аткарылган. Түшүүлөр 58,5% га же 27 млрд 422,5 млн сомго өстү;

- салыктык эмес түшүүлөр 52 млрд 055,3 млн сомду же пландын 96,0% ын түздү. Жыл ичинде жыйымдар 7 млрд 152,1 млн сомго же 15,9% га өстү;

- расмий гранттардын түшүүлөрү 19 млрд 492,6 млн сомду түздү, пландык көрсөткүч 97,6% га аткарылды. 2022-жылы гранттардын түшүүсү 5 млрд 754,1 млн сомго өскөн.

Пикир

Оставить комментарий