• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргызстанга Сауд Аравиянын инвестиция министри келет

Экономика 0

Бишкек, 18.10.23. /Кабар/. Кыргызстанга Сауд Аравиянын инвестиция министри Халид Аль-Фалих келет. Бул тууралуу "Кабар" агенттигине Кыргызстандын Сауд Аравиясындагы элчиси Улукбек Марипов билдирди.

Делегациянын курамында Сауд Аравиянын энергетика, айыл чарба, туризм, медицина, IT жана башка тармактардагы ири ишканаларынын өкүлдөрү да болот.

"Өз ара пайдалуу долбоорлор боюнча эки тараптуу сүйлөшүүлөр болот", - деген Марипов инвестиция тартуу боюнча иш элчиликтин артыкчылыктуу багыттарынын бири экенин баса белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий