• 88.66
  • 94.91
  • 0.96

"Айыл чарбасын каржылоо – 11". Жыл башынан бери 380 млн сом насыя берилди

Экономика 0

Бишкек, 03.04.23. /Кабар/. Айыл чарба министрлиги "Айыл чарбасын каржылоо -11" долбоору боюнча 2023-жылдын 31-мартына карата берилген насыялар боюнча кыскача маалымат берди.

Ага ылайык, жыл башынан бери 2 категория боюнча жалпы 380 млн 293 сомго 814 насыя берилди.

1. Өсүмдүк өстүрүү категориясы боюнча жалпы 69 млн 379 миң сомго 157 насыя берилди, анын ичинен:

банктар боюнча алганда:

– “Айыл Банк” ААК 37 млн 859 миң сомго 84 насыя;

– “РСК Банк” ААК 31 520 миң сомго 73 насыя.

2. Мал чарбачылык категориясы боюнча жалпы 310 млн 914 миң сомго 657 насыя берилди, анын иченен:

банктар боюнча алганда:

– “Айыл Банк” ААК 134 млн 734 миң сомго 280 насыя;

– “РСК Банк” ААК 176 млн 180 миң сомго 377 насыя.

Пикир

Оставить комментарий