• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Банк секторунун кардарларынын кредит портфелинин көлөмү 204,6 млрд сомду түздү

Экономика 0

Бишкек, 30.03.23. /Кабар/. Банк секторунун кардарларынын кредит портфелинин көлөмү 2023-жылдын февраль айынын аягына карата 204,6 млрд сомду түздү.

Улуттук банктан билдиришкендей, көрсөткүч жыл башынан бери 0,3 пайызга көбөйүп, 2022-жылдын февраль айына салыштырмалуу 11,7 пайызга көбөйдү (кредит портфелинин көлөмү 2022-жылдын февраль айынын аягы 183,1 млрд сомду, 2022-жылдын аягында 204,0 млрд сомду түздү), анын ичинде тармактар боюнча:

- өнөр жайына берилген кредиттер 13,2 млрд сомду түзгөн (3,4 пайызга азаюу менен);
- айыл чарбасына берилген кредиттер 36,1 млрд сомду түзгөн (2,5 пайызга азаюу менен);
- соода чөйрөсүнө кредиттер 57,1 млрд сомду түзгөн (1,6 пайызга өсүү менен);
- курулушка берилген кредиттер 12,5 млрд сомду түзгөн (2,9 пайызга азаюу менен);
- ипотекага берилген кредиттер 24,6 млрд сомду түзгөн (0,8 пайызга өсүү менен);
- керектөө үчүн берилген кредиттер 34,0 млрд сомду түзгөн (2,9 пайызга өсүү менен);
- жана башкалар боюнча берилген кредиттер 27,1 млрд сомду түзгөн (1,2 пайызга өсүү менен).

Кредит портфелинин өсүшү улуттук валютада берилген кредиттердин көлөмүнүн өсүшү менен шартталып, 2023-жылдын февраль айынын аягына (156,7 млрд сом) салыштырсак, 2022-жылдын февралина карата (129,8 млрд сом) 27 млрд.сомго жеткен жана чет өлкө валютасында берилген кредиттер 2023-жылдын февраль айынын аягында (47,9 млрд сом) 2022-жылдын февралина салыштырмалуу (53,3 млрд сом) 5,4 млрд сомго кыскарган.

Пикир

Оставить комментарий