• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Быйыл Бишкектин Ленская көчөсү оңдолот

Коом 0

Бишкек, 30.03.23. /Кабар/. Биринчи май районунун акими Максатбек Сазыкулов көчмө жыйын өткөрүп, анын алкагында Ленская жана Кара-Балта көчөлөрүн текшерди. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти.

Жыйында Кара-Балта көчөсүнүн Фучик көчөсүнөн Чоң Чүй каналына чейинки узундугу 1000 метрден ашык жолдун катмарын атайын техниканын жардамы менен тегиздөө мүмкүнчүлүгүн кароо чечими кабыл алынды.

Көчмө жыйындын жүрүшүндө аким билдиргендей, Ленская көчөсү 2023-жылга карата капиталдык оңдоонун титулдук тизмесине киргизилгенди, шаардык бюджет бекитилгенден кийин аталган тилкеде оңдоо иштери башталат.

Белгилей кетсек, учурда Ленская көчөсү кейиштүү абалда, көп жылдардан бери оңдоо иштери жүргүзүлбөй келет.

Пикир

Оставить комментарий